Меркель дүйнөдөгү эң күчтүү айым

«Дүйнөдөгү эң күчтүү 100 айымдын» тизмеси жарыяланды.

290832
Меркель дүйнөдөгү эң күчтүү айым

Германиянын канцлери Ангела Меркель «Форбес» журналынын тизмесинде 5-жолу «Дүйнөнүн эң күчтүү айымы» катары орун алды.
«Форбес» журналы 2015-жылдын «Дүйнөдөгү эң күчтүү 100 айымдын» тизмесин жарыялады.
Тизмеде он жолу алдыңкы 10до орун алган Ангела Меркель удаама-удаа 5 ирет биринчи болду.
АКШда 2016-жылдагы президенттик шайлоо үчүн талапкердигин койгон АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон өткөн жылы тизмеде алтынчы орунду ээлесе быйыл экинчиликти алды.
Журнал Хиллари Клинтонду 2016-жылы Меркелден ордун тартып ала турган киши катары көрсөттү.
Тизмеде орун алган жалгыз түрк айым 70-орундагы Гүлер Сабанжы болду. Сабанжы былтыр 60-орунду ээлеген.
«Форфес» журналы 2004-жылдан бери даярдап келе жаткан тизмеде орун алган айымдар, медиада ээлеген орду, саясат жана экономикага багыт берүү сыяктуу критерийлердин негизинде белгиленүүдө.
Дүйнөдөгү 100 айымдын тизмесинде алдыңкы 10 орун төмөнкүчө тизмеленди:
1-Германиянын канцлери Ангела Меркель
2-АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон
3- Билл жана Мелинда Гейтс фондунун теңтөрайымы Мелинда Гейтс
4- Федералдык резерв системасынын (ФРС) төрайымы Жанет Йеллен
5- General Motors компаниясынын жогорку жетекчиси Мэри Барра
6-Эл аралык валюта фондунун төрайымы Кристин Лагард
7- Бразилиянын президенти Дилма Руссефф
8- Фейсбуктун жогорку жетекчиси Шерил Сэндберг
9- YouTubeдун жогорку жетекчиси Сьюзан Вожиски
10-АКШнын президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар