Кытайда сел жүрдү

Нөшөрлөп жааган жамгыр жана шамал аба каттамдарына да терс таасирин тийгизди.

284174
Кытайда сел жүрдү


Кытайдын түштүк провинциясы Гуандунда сел жүрдү.
Эки күн тынымсыз жааган жамгырдын себебинен 420 отурукташуу аймагы суулардын астында калды.
Үйлөрүнөн чыга албай калгандарды көчүрүп кетүү үчүн куткаруучу топтор апаат болгон аймакка жөнөтүлдү. Жамгырдан электр энергия станциялары да зыян тартты.
Суулардын астында калган көптөгөн шаарда жолдор жабылып калды.
Нөшөрлөп жааган жамгыр жана шамал аба каттадарына да терс таасирин тийгизди.
600гө жакын ички жана тышкы каттамдар токтоду.
Метеорология борборунун эскертүүсү боюнча Хуянг жергесинде да билим берүүгө тыныгуу берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар