Мурсинин өлүм жазасына каршы чыгуулар
Жефф Ратке күнүмдүк пресс – жыйында : «Мурси да араларында болгон 100дөн ашуун киши тууралуу Египет сотунун өлүм жазасына тартуу чечимин чыгаруусунан терең тынчсыздануудабыз»,- деди
Египетте шайланган президент Мухаммед Мурсинин өлүм жазасына тартылуусуна каршы чыгуу улантылууда. АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Жефф Ратке күнүмдүк пресс – жыйында : «Мурси да араларында болгон 100дөн ашуун киши тууралуу Египет сотунун өлүм жазасына тартуу чечимин чыгаруусунан терең тынчсыздануудабыз»,- деди. Катчы Ратке Мурси жана башкаралары тууралуу соттун «адилетсиз жана укуктун үстөмдүгүнө болгон ишенимди тебелеп тепсөөчү» деп табышкандарын белгиледи. БУУнун баш катчысынын орун басары Фархан Хак да Египетте мурунку президент Мухаммед Мурси жана башка 105 киши тууралуу өлүм жазасынын берилишин «олуттуу бир тынчсыздануу» деп белгилешкендерин билдирди. Катчы Хак баш катчынын Египетте бардык тараптардан тынчтык, ырааттууулк жана укуктун үстөмдүгүн колдой турган кадамдарды таштоосун суранганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.