Украинада абал

Кагылышуулар болуп жаткан өлкөнүн чыгышында 2 Украина аскери каза болду

267754
Украинада абал

Украинада Орусия жактоочулары менен армиянын ортосунда келишпестик күч алууда. Ок атууну токтотууга карабастан кагылышуулар болуп жаткан өлкөнүн чыгышында 2 Украина аскери каза болду.
Украинанын президенти Пётр Порошенко ички согушта ушул кезге чейин 7 миң жарандын каза болгонун билдирди. Тынчтык планын бардык сындарга карабастан улантууда чечкиндүү экенин айткан Порошенко Орусия жактоочулары тарабынан өлтүрүлгөн аскерлердин санынын 700гө жакындаганын жарыялады.
Украинанын аскердик катчысы болсо Орусия чек арасына жакын аймактарда өздөрүнө каршы колдонулган куралдардын тыюу салынган куралдардан турганына көңүлдөрдү бурду. Жикчил күчтөрдүн атынан сөз сүйлөгөн бир жетекчи болсо ок атууну токтотууга карабастан Украина армиясы жасаган кол салуулардын айынан бир кишинин жараланганын жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар