Африка Биримдиги нааразычылык билдирди

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүлүшүнө Африка Биримдиги да нааразычылык билдирди

268191
Африка Биримдиги нааразычылык билдирди


Биримдиктин алдыңкы 10 мүчөсүнөн турган Ж – 10 өлкөлөрү Коопсуздук Кеңешинде Африкага туруктуу мүчөлүктүн берилишин суранды.
Замбиянын борбор шаары Ливингстондо жолугушкан Ж 10 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери БУУнун Коопсуздук Кеңешинин түзүлүшүнүн адилетсиз экенин айтты. Министрлер континеттеги кагылышуулардан улам бат - бат Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине келген Африканын өзү тууралуу чыгарылган чечимдердин көпчүлүгүнө убактылуу мүчө менен да өкүл боло албаганын белгиледи.
«Африка тууралуу Африка болбогон жыйында талкуулабагыла»,- деген билдирүү жасаган министрлер Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу мүчөлөрүнүн биринин Африкага берилиши керектигин белгиледи. Кытай, Орусия, АКШ, Англия жана Франция туруктуу мүчө болгон БУУнун Коопсуздук Кеңешинде эки жылда бир алмашкан жана вето укугу болбогон 10 убактылуу мүчө бар. Президент Р. Т. Эрдоган да өткөн сентябрь айында катышкан БУУнун Жалпы Кеңешинде Коопсуздук Кеңешинин түзүлүшүн сынга алган. Эрдоган : «Дүйнө бештен чоң»,- деген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар