Сауд Арабстан - Йемен чек арасында кагылышуу
БУУ өлкөдө бир айдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 200 кишинин каза болгонун билдирди
Сауд Арабстан аскерлери менен Йемен армиясындагы козголоңчу бөлүктөр колдогон хуси Энсаруллах кыймылынын террористтеринин ортосунда чыккан кагылышууларда 3 сауд аскери менен ондогон террорист каза болду.
Сауд Арабстандын коргоо министрлиги хуси террористтери жана аларга колдоо берген армия бөлүктөрүнүн өлкөнүн түштүк чек арасында орун алган Нежран аймагында чек ара борборлору жана көзөмөлгө алуу жерлерин бутага алганын билдирди.
Кол салуунун ийгиликтүү түрдө майтарылганы белгиленди. Ошол эле учурда БУУ өлкөдө бир айдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 200 кишинин каза болгонун билдирди. Йемен үчүн чукул түрдө ок атууларды токтотуууга чакырган билдирүүдө өлкөнүн саламаттык, суу жана телекоммуникация системасынын жок болуу жерине келгени белгиленди. Йемендеги шиит хусилердин алдыга жылуусуна бөгөт болуу үчүн Сауд Арабстандын жол башчылыгындагы коалиция 25 - мартта «Чечкиндүүлүк борошосу» деп аталган абадан кыймыл баштаткан. Йеменде президент Абдураббу Мансур Хади башкаруусунун кийлигишүү чакыруусу менен башталган операциянын 21 - апрелде соңуна чыкканы билдирилип жана Йемен калкы үчүн саясий чечүүчү жол болгон «Үмүткө кайтуу» операциясынын башталганы белгиленген.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719071949)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719071949)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.