Обама 1915 - жылдагы окуялар тууралуу билдирүүсүн жасады
Обама геноцид дегендин ордуна "Чоң апаат" деди
АКШнын президенти Барак Обама 1915 – жылдагы окуялар үчүн «Чоң апаат» деди. 1993 - жылдан бери салтка айланган жана жыл сайын 24 - апрелде АКШнын президенттери тарабынан жарыяланган президенттик билдирүү бир күн мурда коомчулук менен бөлүшүлдү.
Армян диаспорасынын бардык аракеттерине карабастан президент Обама «геноцид» сөзүн колдонгон жок. «1915 – жылы эмнелердин болгонуна байланыштуу өз көз караштарымы мындан мурда да билдиргем»,- деген Обама бул көз караштын өзгөрбөгөнүн да билдирди. Обама билдирүүдө түрк жана армян тарыхчыларынын мезгил тууралуу бардык көз караштарына ачык экендерин айтты.
«Аянычтуу мурас» деп мүнөздөгөн окуялардан сабак алуу керектигин айткан Обама ушундайча келечектеги муундардын муну кайталабай турганын белгиледи. Бир тараптан Түркиянын Лос Анжелес башкы консулдугуна кирип чыгууларга 1915 - жылдагы окуялардын күнү деп кабыл алынган 24 - апрелден мурда көбөйгөн коркутуулардан улам чектөө киргизилди. Консулдук коркутуулардан улам иши абдан маанилүү болгон жана күнү белгиленген зыяратчыларды гана кабыл алууда. Армяндар көп жашаган Лос Анжелес шаарында бир группа Голливуддагы Кичинекей Армения аймагынан Түркиянын Лос Анжелес башкы консулдугуна карай жүрүшөт. АКШда жашаган түрк жана мусулман коому да Вашингтондо миңдеген киши катыша турган тынчтык жана тилектештик жүрүшү менен армян диаспорасына каршы экенин көрсөтүшөт.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719192125)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719192125)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.