Мусулмандар Германиянын бир бөлүгү
Гунтрам Шнайдер Түрк Ислам Бирдигинин Борбордук мечитине барды
Германиянын Түндүк Рейн Вестфалия аймагынын эмгек, шайкештик жана социалдык иштер министри Гунтрам Шнайдер расизм менен күрөшүү жумалыгынан улам Келндеги дин иштеринин Түрк Ислам Бирдигинин Борбордук мечитине барды. Министр оболу кутба укту, андан кийин жума намазын окугандарды көрдү. Министр Шнайдер андан кийин да жамаат менен сүйлөшкөн сөзүндө : «Бүгүнкү жума ыбадатыңыздар Германиянын бир бөлүгү экениңиздерди дагы бир жолу көрсөттү. Себеби бир топ мечитте Францияда кырсыкка учураган кишилер үчүн да дуба кылынды. Сиздер бул коомдун бөлүнгүс бир бөлүгүсүздөр»,- деди. Германияда ислам душмандыгынын күч алганына токтолгон Шнайдер : «Париж, Брюссель жана Копенгагендеги кандуу кол салуулар сиздердин диниңиздер менен байланыштырылды. Бул кол салууну аткаргандар ошол эле учурда исламга жана мусулмандарга да зыянын тийгизүүдө»,- деди. Шнайдер айрыкча террордук уюм ДАИШтин Ирак жана Сирияда жасагандарынын да ислам менен байланышынын болбой турганын айтты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.