Боко Харам 400дөн ашуун нигериялыкты уурдап кетти

Нигерияда Боко Харам коркунучу уланып жатат.

280675
Боко Харам 400дөн ашуун нигериялыкты уурдап кетти


Өлкөгө коркунуч жараткан террордук уюм, аял жана балдардан турган 400дөн ашуун нигериялыкты уурдап кетти.
Бул окуя Чад жана Нигер армияларынын да катышуусунда жүргүзүлгөн операцияда Боко Харамдан алынган Дамасак аймагында болду.
Көргөн күбөлөр террористтердин алгач 500дөн ашуун аял жана балдарды чогултканын, андан кийин арасынан 50 кишини өлтүргөнүн жана 450дөн ашуун киши менен аймактан чыгып кеткенин айтып жатышат.
Терордук уюм акыркы жолу декабрда орто эсеп менен 200 аял жана баланы уурдап кеткен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар