БУУ Йемен боюнча чогулду

БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимине баш ийилбеген учурунда дагы илгери кадамдар таштала турганы белгиленди.

276824
БУУ Йемен боюнча чогулду

Бириккен Улуттар Уюму жума күнкү террордук кол салууда 140тан ашуун киши каза болгон Йемен темасы менен чогулду.
Коопсуздук Кеңеши өлкөдө хусилердин илгерилөөсүн улантканы жана президент Мансур Хадинин эл аралык коомчулуктан жардам сураганы боюнча шашылыш түрдө чогулуш өткөрдү.
Хусилердин саясий процессти коркунучка салган кыймылдары айыпталган жыйында, Коопсуздук кеңешинин чечимине баш ийилбеген учурунда дагы илгери кадамдар таштала турганы белгиленди.
Кеңеш жыйналыштан кийинки жарыясында президент Хадинин ал өлкөнүн мыйзамдуу лидери экендигин баса белгиледи.
Бириккен Улуттар Уюмунун Йемен боюнча атайын өкүлү Жемал бин Өмер өлкөнүн жарандык согуштун босогосуна келгенин, эч бир тараптын өзү жалгыз өлкөнү көзөмөлгө алышы мүмкүн болбогонун баса белгиледи.
Бир тараптан Йеменде шиит хуси уруусуна караштуу согушчандардын, өлкөнүн үчүнчү чоң шаары Таизди колго алды.
Таизде согушчандарга мурдагы президент Али Абдуллах Салихти жактоочулар да колдоо көрсөтүштү.
Шаарда хусилерге жана Салихке каршы чыккан миңдеген киши катышкан митингдерде 1 киши каза тапты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар