Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 1-июлга чейин туруктуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.
Ирандын атомдук программасы боюнча жаңы сүйлөшүүлөр Швейцариянын Лозанна шаарында башталууда...
Сүйлөшүүлөр Иран жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү менен Германиянын ортосунда жүргүзүлөт. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Орусия, Кытай, Англия, Франция менен Германиядан турган 5+1 тобу жана Иран атомдук сүйлөшүүлөргө тышкы иштер министрлери деңгээлинде катышууда.
Ирандын тышкы иштер министри Зарифти Швейцарияда Ирандын Атом энергиясы боюнча агенттигинин төрагасы Али Акбар Салихи жана тышкы иштер министрлеринин орун басарлары да коштоп жүрүшөт.
Ушул айдын аягына чейин макулдашууга жетишилбеген учурда атомдук сүйлөшүүлөргө коркунуч жаратаарынан санааркашкан тараптар акыркы күндөрү сүйлөшүүлөрдү ылдамдатышты.
Атомдук сүйлөшүүлөр боюнча 1-июлга чейин туруктуу келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.