Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы өз жанын кыйды

Рахат Алиев Венадагы түрмөдө жаткан.

230735
Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы өз жанын кыйды

Казакстандын президенти Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин  жансыз денеси табылды.
Бир мезгилдерде Казакстандын Австриядагы элчилик кызматын да аткарган Алиев Венадагы түрмөдө жаткан.
Түрмөнүн директорлугу Алиевдин өз жанын кыйгандыгын кабарлады.
Австриялык прокурорлор 2007-жылы Казакстанда эки банкирдин өлтүрүлүшүнөн жооптуу көрүшкөн Алиевдин өлкөдөн чыгарылышын талап кылышкан.
Бирок өлкөсүнө барган учурунда өлтүрүлөөрүн айткан Алиевдин Австрияда калуусуна уруксат берилген болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар