Грециянын жаңы президенти
Павлопулос Грециянын жаңы президенти болду.
Грецияда СИРИЗАнын лидери Алексис Ципрастын жетекчилигиндеги коалиция өкмөтүнүн талапкери Прокопис Павлопулос Грециянын жаңы президенти болду.
Павлопулос эки талапкер катышкан шайлоонун төртүнчү айлампасында 300 орундуу парламентте 233 добуш алып президент болуп шайланды.
Павлопулостун атаандашы Никос Аливизатос 30 добуш алган шайлоодо 32 эл өкүлү арсар добуш берсе добушка салууга жалпы 295 эл өкүлү катышты.
Мора жарым аралынын Каламата шаарында 1950-жылдын 10-июлунда туулган Грециянын жаңы президенти Павлопулос Афина университетинин укук факультетин бүтүргөндөн кийин Францияда магистратура жана докторантурасын аяктаган.
Жаңы Демократия партиясынан 2000-жылы эл өкүлү болуп дайындалган Павлопулос 2005-2009-жылдардын арасында ички иштер министри кызматын аркалап келген.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.