Украинада ок атууну токтотуу
Украинада ок атууну токтотуу коркунуч астында
Украина өкмөтү Орусия жактоочуларынын жекшемби күнү 112 аскердик көзөмөл жерине жасаган кол салууларда 5 аскеринин каза болгонун, 25нин да жараланганын билдирди. Өлкөнүн чыгыш аймактарында кечээ да 40 башка кол салуу жасалды. Бул окуяларда жан жоготуунун болгону боюнча билдирүү жасалган жок.
АКШ Украинанын чыгышында ок атууну токтотууга карабастан болгон кагылышуулардан улам «олуттуу тынчсыздануулардын» бар экенин билдирди.
АКШ Украинанын чыгышында кагылышкандар менен аларга колдоо берген Москва башкаруусун кол салууларды дароо токтотууга чакырды. Өзгөчө стратегиялык Дебальцево шаарынын жакындарында күч алган кагылышуулардан улам тараптар Минск келишими күткөндөй оор куралдарды аймактан чыгарууну баштай алган жок.
Тышкы иштер министрлигинин катчысы Жан Псаки Орусия жактоочуларынын ок атууну токтотууну көзөмөлгө ала турган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ менен бирге иштөөсүн суранды.
Ок атууну токтотуунун ишке кирүүсүнөн кийин ЕККУ байкоочулары кагылышуулардан улам Дебальцеводо ишин баштай алган эмес.
Украина өкмөтү Орусия жактоочуларынын жекшемби күнү 112 аскердик көзөмөлдөөчү жерге кол салуу жасаганын билдирди. Кол салууларда 5 Украина аскери каза болуп, 25 аскер жараланды.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719104815)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719104815)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.