Үч мусулмандын кылмышкерине доо коюлду

Крейг Хикске биринчи даражадагы кылмыш жана турак үйдө курал колдогону боюнча доо коюлду.

220934
Үч мусулмандын кылмышкерине доо коюлду

Америка Кошмо Штаттарындагы Түндүк Каролина штатында 3 мусулман жашты өлтүргөн шектүү Крейг Хикске биринчи даражадагы кылмыш жана турак үйдө курал колдогону боюнча доо коюлду.
46 жаштагы Хикс март айынын биринчи жумасында сот алдына чыгарылат.
Сот тарабынан адвокат берилген Хикс, учурда Дурхам аймагынын камак борборунда жатат.
Хикс, Chapel Hill районунда 10-февралда 23 жаштагы тиш доктурлук факультетинде окуган Деах Берекет, 21 жаштагы жубайы Юсор Мухаммед Эбу Салха жана 19 жаштагы балдызы Разан Мухаммедди баштарынан атып өлтүргөн.
Окуядан кийин полиция алгачкы иликтөөлөргө караганда Крейг Хикстин авто парк тартыштыгынын айынан кылмыш кылганын ойлогондорун жарыяган, бирок бул ачыктоо каршы чыгууларды тарткан.
Каза болгондордун үй-бүлөсү менен мусулман коомчулуктун өкүлдөрү шектүүнүн медиа эсептериндеги динге каршы бөлүшүүлөрү менен жаштарга карай мындан мурдагы коркутууларын эске салып, кылмыштын «жек көрүү кылмышы» катары каралышын талап кылган.
Американын Федералдык чалгындоо кеңсеси да бул темага байланыштуу иликтөөлөрдү баштагандарын жарыялаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар