Хорватиянын алгачкы аял президенти ант берди
Хорватиянын президенти кызматын 2020-жылга чейин улантат.
Хорватияда алгачкы аял президент болуп шайланган Колинда Грабар Китарович ант берди.
11-январдагы шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 51 пайызын алып президент болуп шайланган Китарович үчүн борбор шаар Загребде ант берүү аземи уюштурулду.
Китарович аземде сүйлөгөн сөзүндө: «Идеологиясына же тегине карабастан бүтүндөй Хорватия жарандарынын президенти болом»-деди.
Тышкы саясатта Европа Биримдиги, НАТО жана коңшулары менен кызматташуусун уланта тургандарын белгилеген Китарович «Түштүк Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн да Европа Биримдигине киришин колдой турганын» жарыялады.
Андан кийин ант берүүсүнө кол койгон Китаровичке «президенттик тасмасы» тапшырылды.
Аземге 9 өлкөдөн президент жана 1 өлкөдөн өкмөт башчы катышты.
19-февралда кызматын расмий түрдө баштай турган 46 жаштагы Китарович кызматын 2020-жылга чейин улантат.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719083666)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719083666)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.