Германияда террор дүрбөлөңү
Германияда кечээ өткөрүлүшү пландалган карнавал жүрүшү террор коркунучунун себебинен акыркы мүнөттө жоюлду.
Германиянын Брауншвейг шаарында кечээ өткөрүлүшү пландалган карнавал жүрүшү, террор коркунучунун себебинен акыркы мүнөттө жоюлду.
Полиция карнавалга карай террордук кол салуу пландаганы боюнча чалгындоону алгандарын жана рискке кирбеш үчүн жүрүштү жойгондорун жарыялады.
Жүрүштү жоюу чечиминин чыгарылышына ишемби күнү Даниянын борбор шаары Копенгагенде бир синагогага болгон жана 2 киши каза тапкан кол салуу таасирдүү болгону белгиленди.
Германиянын башка шаарларында болсо карнавалдын туу чокусу деп эсептелген жана бүгүн кабыл алына турган «Росенмонтаг» б.а. «Розалар дүйшөмбүсү» жүрүшү пландалганы сыяктуу өткөрүлмөкчү.
Жыл сайын 250 миң киши барган Германиянын маанилүү фестивалдарынан бири болгон карнавалга катышкандар, ар түрдүү кийимдерди кийип алышып шаардын ичинде 6 чакырымдай басат жана ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719146503)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719146503)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.