Минскте Украина саммити башталды

Украинада болсо кагылышуулар тыйыла элек.

216854
Минскте Украина саммити башталды

Украина кризисин сүйлөшүү үчүн Орусия, Украина, Германия жана Франциянын лидерлери Беларустун борбор шаары Минскте жолукту.

Дипломатиялык булактар бул ирет Минск саммитинин тынчтыкка же жапырт согушка алып бара турганын белгилешүүдө.

Украинада болсо кагылышуулар тыйыла элек.

Аймакта кечээтен бери 19у Украинанын аскеринен турган 42 киши каза болду.

Украинанын президенти Петро Порошенко кагылышуулар күчөгөн учурунда бүтүндөй өлкөдө көчөгө чыгууга тыюу салына турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар