Путин Египетте

Путиндин сапары убагында Сисиге "Калашников" автомат бериши көңүлдү бурду.

216022
Путин Египетте

Орусиянын президенти Владимир Путин 10 жылдан кийин Египетке барды.

Путинди борбор калаа Каирде президент Абдулфеттах эс-Сиси тосуп алды.

Расмий сапарда Египет кура турган алгачкы атомдук энергия станциясы темасында меморандумга кол коюлду.

Египеттин президенти Сиси биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында Орусиянын кызматташтыгы менен атомдук станциянын Дабаада курула турганын айтты.

Жолугушууларда Сирия жана Ирактагы абалдар, Израиль-Палестина маселеси каралды.

Путиндин сапары убагында Сисиге "Калашников" автомат бериши көңүлдү бурду.

Бул белек Египет менен Орусиянын ортосунда жасалышы пландалган курал келишиминин алдында символ болуп калды.

Серепчилер бул сапардын Орусиянын эл аралык чөйрөдөн изоляция кылынбаганынын белгиси экенин айтышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар