Йеменде хусилер президентин шайлай алабы?

Йеменде шиит хусилер парламентти таркатканын жарыялады

213424
Йеменде хусилер президентин шайлай алабы?

Йемендин борбор шаары Сана башта болуп бир топ шаарда башкарууну колго алган шиит хусилер өлкөдө башкарууну толугу менен колго алды. Хусилер башка саясий топторго өлкөдөгү башкаруу боштугун толтуруу үчүн берген 3 күндүк мөөнөттөн кийин парламентти таркатканын жарыялады. Хусилер 551 мүчөдөн турган убактылуу парламент курганын билдиришти. Кеңеш 5 кишиден турган төрагалык кеңешин шайлайт. Төрагалык кеңеши болсо жаңы президентин шайлайт.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши өлкөдөгү абалдардан санааркаганын билдирди. Коопсуздук кеңеши БУУнун жол башчылыгында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө кайтып келбесе шиит топторго «санкция» жасоо менен коркутту.
БУУму айрыкча өлкөдө үй абагындагы президент, премьер – министр жана министрлер кеңешинин мүчөлөрүнүн чукул түрдө эркин койо берилишин суранды. Ак үй да Йеменде хусилердин парламентти таркатуусунан санааркаганын билдирди. Ак үйдүн катчысы Эрик Шульц : «Бул бир тараптуу кадамдан терең санааркап жатабыз»,- деди.
Мюнхен Коопсуздук конференциясында булуң өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри да хусилер түзгөн президенттик кеңешке каршы экенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар