Сирияда адамзаттык абал начарлап баратат
Пан Ги Мундун Сирияга гуманитардык жардам жеткирүүгө байланыштуу отчетун сунуштады
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Сирияга гуманитардык жардам жеткирүүгө байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунуштаган айлык отчетунда өлкөдөгү адамзаттык абалдын начарлаганы белгиленди. Режимдин жарандар жашаган аймактарга баррель бомба жана оор куралдар менен жүргүзгөн операцияларында көп сандаган кишинин каза болгонун же майып болгонун айткан Пан Ги Мун декабрь айында бомбалуу кол салуулар менен жан кечтилик кол салуу кыймылдарынын көбөйгөнүн белгиледи. Пан Ги Мун өлкөгө гуманиатрдык жардам жеткирилүүсүнө байланыштуу аракеттерге да жетерлик жеңилдиктин берилбегенин баса белгилеп : «212 миң киши азыр да курчоо астында жана коопсуздук, медициналык жана азык – түлүк жардамы бериле албай жатат. Бул кишилерге жардамдардын жеткирилүүсүндө бөгөттөр бар»,- деди. Баш катчы Пан Ги Мун отчетунда ИШИМдин кыймылдарына да токтолуп, Сириянын үчтөн бир бөлүгүн кармап турган террордук уюмдун адам укуктарын бузган кыймылдарды улантып жатканын белгиледи. Пан Ги Мун Идлиб жана Дера аймактарында Нусра фронту менен башка ашыкча топтордун чет элдик күрөшчүлөрдү тартууну улантып жатканын белгилеп, бул топтордун Идлибде эки стратегиялык аскердик базаны колго алганын билдирди.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719075900)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719075900)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.