Йеменде абал
Йеменде президент менен өкмөт арызын берди
![Йеменде абал](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/8848344772.jpg?time=1719099330)
Йеменде хусилер борбор шаар Санада текшерүүнү колго алгандан кийин арыздар келе баштады. Оболу Халид Махфуз Баххахтын жетекчилигиндеги өкмөт, андан кийин президент Абдураббу Мансур Хади кызматынан кетти. Көтөрүлүшчүлөр менен келишпестикке киргенден кийин кызматын уланта албай турганын айткан Хади хусилерди түзүлгөн тынчтык келишимине баш ийбөө менен күнөөлөдү.
Президент Хадинин арызын кабыл албаган парламенттин спикери Яхя Али ер – Раи абалдарды сүйлөшүү үчүн парламентти кезексиз чогулууга чакырды. Бир тараптан хусилердин парламент имаратын, кээ бир министрлер менен улуттук коопсуздук мекемесинин төрагасы жана коопсуздук жетекчилеринин үйлөрүнүн курчоого алынганы билдирилди.
*** Хадинин арызын берүүсүнөн кийин кызматын улантуусун каалаган жүздөгөн киши Таиз шаарында митинг өткөрдү. Бир тараптан хусилердин парламенттин имаратын, кээ бир министрлер менен Улуттук Коопсуздук мекемесинин төрагасы жана коопсуздук жетекчилеринин үйлөрүн курчоого алышканы билдирилди.
Сананын Жефар аймагында жашаган 2 хуси лидердин үйүнө бомбалуу кол салуу жасалды, каза болгон же жаралангандардын болбогону белгиленди. Жарылуудан улам тегеректеги үйлөр чыгымга учурады.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719099330)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719099330)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.