АКШ кибердик чабуулга каршы чара көрөт
Обама АКШнын кибердик коопсуздугун күчтөндүрүш үчүн дагы көп иштеши керектигин айгинелеп турганын айтты.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама Сони фирмасына кибердик чабуул коюлушунан кийин кечээ АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин твиттер барагынын компьютер каракчыларынын чабуулуна дуушар болушунун, АКШнын кибердик коопсуздугун күчтөндүрүш үчүн дагы көп иштеши керектигин айгинелеп турганын айтты.
Оабама жаңы Конгресстин кызматын баштоосунан кийин Конгресстин лидерлери менен жолукту.
Обама жолугушуудан мурдагы жарыясында бул темада конгресс менен бирге мыйзам чыгара ала тургандарын билдирди.
Экономикада жылыштар өз нугунда баратканына көңүл бурган Обама, эң акыркы жумуш орун сандарындагы оңолуу жандуу уланып жатканын ортого салганын сөз кылды.
Быйыл экономиканын дагы жакшы болушун камсыздоо керектигин баса белгилеген Обама, "Бул жердеги чечүүчү нерсе, бул жылышты ылдамдатуу үчүн командабыз менен бирге иштөөбүз"-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719102624)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719102624)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.