Украинада кризиске чечүүчү жол издөө
Германия, Орусия, Украина жана Франциянын тышкы иштер министрлери Украинадагы кризиске чечүүчү жол табуу максатында Берлинде жолугушту. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Берлинге чакырган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин жана Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен жолугушту.
Жолугушууда Украинадагы абалдын оңолбогонун белгилеген Штайнмайер : "Алигече акыркы ок атууну токтотуу түзүлө алган жок жана Украинанын чыгышында адамдар каза болууда. Азыр да эл арасында адамзаттык абал тынчсыздантуучу жана узун мөөнөттүү кризис чечиле албай жатат",- деп баа берди.
Штайнмайер саясий чечүүчү жол издөөнүн улантылуусу керектигин баса белгилеп, андан мурда да жасаганындай Франция, Украина жана Орусиянын тышкы иштер министрлерин Берлинге чакырганын жана азырынча талкууланбаган чечүүчү жолдорду издешерин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.