Францияда абал

Франциядагы кол салууну Аль Каида моюнга алды

179752
Францияда абал

 Франциядагы кандуу Шарли Эбдо кол салуусун жана барымтага алууларды Аль Каиданын араб жарым аралындагы уюму моюнга алды.
Аль Каиданын Йемендеги уюмунун лидери кол салуулардын Азырети Мухаммедге акарааттарды камтыган карикатуралардын айынан жасалганын айтты. Бир тараптан Куаши бир туугандар жана Амеди Кулибалинин операциядан мурда бир телекөрсөтүү каналы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү ортого чыкты. Сүйлөшүүдө маркетке куралдуу кол салуу жасаган Амеди Кулибалинин Куаши бир туугандар менен бирдей убакта кыймыл кылганы жана андан мурда келишкендери тууралуу сөздөрдүн айтылганы белгиленди.
Франциянын премьер – министри Мануэль Вальс кол салуу жана барымтага алуу окуяларында 17 кишинин каза болушу өлкөдө чалгындоо иштеринде кемчиликтин бар экенинин көрсөткүчү экенин айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар