ПЕГИДАга каршы митинг өткөрүлөт
ПЕГИДА чет өлкөлүктөргө каршы душмандыкты жаратууда.
Германиядагы түрктөр да ПЕГИДАга каршы митинг өткөрүшөт.
Ашкере оңчул ПЕГИДА тобуна каршы Кельн шаарында 5-январда митинг өткөрүлөт.
Европалык түрк демократтар биримдигинин төрагасы Сулейман Челик, Исламга каршы чыккан кыймылдар менен күрөшүү үчүн Германиядагы саясий партияларга жана медиага чоң иш түшкөнүн сөз кылды.
Сүлайман Челик: «Исламга каршы чыккан ПЕГИДА тобу жикчилдик, чет өлкөлүктөргө жана көчмөндөргө каршы душмандыкты пайда кылууда. Бул болсо Европанын тынчын алууда. Ал кыймылдар Европанын баалуулуктарына каршы»,-деди.
Челик акыркы мезгилде мечиттерге карай кол салуулардын да көбөйгөнүн айтты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.