Обама Крымга жаңы санкция жасалуусуна тыюу салды

Санкциялардын ичине кирген бардык кишилерге АКШга кирүүсүнө да тыюу салынды

153709
Обама Крымга жаңы санкция жасалуусуна тыюу салды

Обама башкаруусу Орусия тарабынан аннекция кылынган Крымга жаңы санкция жасалуусуна тыюу салды. Айрыкча кээ бир Украина жана орус фирмаларына да жаңы санкциялар келди. Украинадан 24 жана Орусиядан кээ бир фирмаларга «Украинанын ырааттуулугун бузду»,- деген негиз менен санкция чечими чыгарылды.
АКШнын президенти Барак Обама тарабынан кол коюлган жобо Крымга продукция, технология менен бирге аймактан продукция, технология же кызмтатардын экспорттолушуна тыюу салды. Жобо айрыкча казына министрине Крымда иш алып барган киши жана мекемелерге каршы санкция киргизүү жоопкерчилигин да берди. Обама берген маалыматында : «Дагы бир жолу Орусияга Крымды басып алуусун жана аннекция кылуу кыймылын соңуна чыгаруусун, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоону токтотуусу жана Минск келишимдери астындагы жоопкерчиликтерин орундатууга чакырамын»,- деди.
Казына министрлиги да орус инвестиция фирмасы Marshall Capital Fundдун жана аннекциядан кийин Крым күчтөрүнө колдоо берген «Түнкү карышкыр» аттуу орус мотоциклет козголоңчулары мүчөлөрү да араларында болгон Орусия жана Украинадан кээ бир кишилерге жана фирмаларга санкция жасоо чечимин чыгарды. Санкциялардын ичине кирген бардык кишилерге АКШга кирүүсүнө да тыюу салынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар