Испания дагы Палестинаны тааныды

Испания парламенти, Палестина мамлекетинин таанылышы үчүн өкмөткө сунушталган сунуш токтомун бир добуштан бекитти.

198333
Испания дагы Палестинаны тааныды

Палестинаны мамлекет катары тааныган өлкөлөрдүн саны көбөйүүдө.
Испания парламенти, Палестина мамлекетинин таанылышы үчүн өкмөткө сунушталган сунуш токтомун бир добуштан бекитти.
Палестинанын таанылышына карай Швеция, Ирландия жана Англия парламенттеринде ташталган кадамдардын дагы бир жаңысы Испания парламентинде аткарылды.
Башкы оппозициядагы Социалист жумушчу партиясынын парламенттин күн тартибине алып чыккан Палестина мамлекетинин таанылышына карай сунуш, бийликтеги Элдик партиянын мамилесинен улам өзгөрүүгө учураса дагы «Палестина мамлекетинин таанылышы» деген сөз менен кабыл алынды.
Парламентте кабыл алынган жана Испания өкмөтүнө сунуш мүнөзүндө болгон текстте «Эл аралык укук түшүнүгүндө Палестина мамлекетинин таанылышы» деген токтому чыгарылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар