Украинада абал
Украинанын чыгышында кагылышуулар улантылууда
Луганск жана Донецкте Орусия жактоочулары менен Украина аскерлеринин ортосунда кээ кээде катуу кагылышуулар болууда. Акыркы кагылышууларда беш Украина аскери каза болуп, сегиз киши жараланган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина 5 - сентябрда кол койгон келишимге баш ийүүгө чакырып, Европа Биримдиги өлкөлөрү чыгарган жаңы чечимдерин да сынга алды. Лавров : "Европа Биримдиги өлкөлөрү менен карым - катнаштарыбыз кайра кайтууга болбой турган абалга келбесе керек деп ойлоймун",- деди. Англиядан келген "Орусияга карата экономикалык санкциялар кеңейьтилсин" деген чакырууну Польша жана Балтика өлкөлөрүнүн тышында биримдиктин башка мүчөлөрү кабыл алган эмес.
Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бир гана Орусия жактоочусу болгон кээ бир жикчилдерди кара тизмеге алып байлыктарын тоңдуруу жана саякатка чыгуусуна тыюу салуу чечимин чыгарган. Кара тизмеге 119 Орусия жактоочусунун атынын киргизилгени белгиленген.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719100649)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719100649)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.