Месчид-и Аксанын корголушуна карай кадамдар ташталат

Нуман Куртулмуш Ислам Кызматташтык Уюмунун Иерусалим байланыш тобунун жыйналышына катышуу үчүн Мароккого барды.

187900
Месчид-и Аксанын корголушуна карай кадамдар ташталат

Вице-премьер Нуман Куртулмуш Израилдин Иерусалим жана Месчид-и Аксага карай акыркы мезгилде күчөгөн кол салуу жана бузуулары карала турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Иерусалим байланыш тобунун жыйналышына катышуу үчүн Мароккого барды.
Нуман Куртулмуш Израилдин Иерусалим жана Месчид-и Аксада тыгыздаштырган кол салууларына каршы эмне жасала ала турганын, бул кол салууларга бөгөт коюлушу жана Иерусалим калкынын укуктарынын корголушу үчүн кандай чаралар көрүлө ала турганы темалары сүйлөшүлө турганын, бул жагдайдагы перспективалардын талкуулана турганын айтты.
Куртулмуш: «Түркия катары эл аралык чөйрөлөрдү бир коалиция түшүнүгүн ичинде бирге кыймыл кылууга чакырабыз. Эл аралык Иерусалим фонду түзүлүшү боюнча сунушубузду мүчө өлкөлөр менен бөлүшөбүз»,-деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар