Эболага каршы күрөшүүдө жылыш бар
Батыш Африкада эболадан каза тапкандардын саны азаюуда.
Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму кээ бир аймак өлкөлөрүндө эболага кабылгандардын санында азаюу болгонун билдирди.
Уюм эболага кабылгандардын саны каза тапкандардын жарымындай болгонун, Либерияда азайып Гвинеяда акырындаганын, Сьерра-Леонеде болсо көбөйүп жатканын билдирди.
Билдирүүгө караганда каза тапкандардын жалпы саны мындан мурда жарыялангандай 4 миң 951 эмес, 4 миң 818 киши.
Бул оору Батыш Африкадагы өлкөлөрдү дагы катуу чараларды көрүүгө түртүүдө.
Сьерра-Леонеде өкмөттү эбола менен күрөшүүдө жетишсиз калды деп сындаган бир журналист суракка алынды, радио программасы эфирден чыгарылды.
Бул учурда Мали, Англия жана Америкадан кийин Швейцарияда эболага каршы вакцина боюнча сыноо иштери башталды.
Швейцариянын Лозанна шаарында илимпоздор 120 ыктыярдууну эмдеп сынап көргөндөрүн билдирди.
Бир тараптан Испанияда эбола менен ооруган кишини дарылап жатканда жугузуп алган медицина кызматкери бир айдын ичинде айыкты жана ооруканадан чыкты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.