Украинада абал
Апрель айынан бери 4 миңден ашуун киши каза болду
Ок атууну токтотууну ишке ашырууга аракет кылынган Украинанын чыгышында Орусия жактоочулары өткөргөн шайлоо аймактагы араздашууну күчтөндүрдү. Шайлоону «туура эмес» деп мүнөздөгөн Украинанын мамлекет башчысы Петро Порошенконун ок атууну токтотууну карап чыгуу үчүн коопсуздук жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө. Петро Порошенко Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганскта болгон шайлоонун тынчтык процессин жолдон чыгарышы мүмкүн экенин айтты. Шайлоого Орусия колдоо көрсөтүп, Украина жана батыштык өлкөлөр аймакта түзүлгөн ок атууну токтотууга зыянын тийгизет деген негиз менен каршы чыгууда.
АКШ да өткөрүлгөн шайлоону айыптады. Ак үйдөн билдирилген маалыматта Орусиянын Минск келишиминдеги милдетин аткармыйынча Москвага карата экономикалык санкциялардын күч алары боюнча эскертүү жасалды. Украинанын чыгышында 5 – сентябрда жарыяланган ок атууну токтотуу эки тарапта да бузулду. Аймакта Орусия жактоочулары жана Украина армиясынын ортосунда болуп жаткан кагылышууларда апрель айынан бери 4 миңден ашуун киши каза болду.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.