Брюсселде исламофобияга каршы митинг өткөрүлдү

Митингчилер күчөгөн исламофобия жана жикчилдикке каршы чара көрүүгө чакырды.

172391
Брюсселде исламофобияга каршы митинг өткөрүлдү

Бельгиянын борбору Брюсселде исламофобияга каршы митинг өткөрүлдү.
«Мусулман укуктары Бельгия» аттуу жарандык коомдук уюм жетектеген митингде Брюсселдин Адилеттик министрлигинин алдында чогулган топ, күчөгөн исламофобия жана жикчилдикке каршы чара көрүүгө чакырды.
Бул уюмдун төрагасы Фуад Бенйекхлеф: «Ынтымактуу жашоо жана тең укуктуу болуудан башка талабыбыз жок»,- деди.
Митингчилер бир жыл мурда Шарлеруа шаарында үй-бүлөлүк чыр-чатактан кийин камакка алынган жана полиция пунктунда каза болгон Түндүк Африка тектүү Тарык Юсуфтун эмне себептен каза болгондугунун ачыкталуусун жана күнөөкөрлөрдүн жоопко тартылышын талап кылышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар