Украинада кагылышкан тараптар ок атпоону тоготпой жатышат
Жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донецкте болгон кагылышууларда кеминде 4 киши каза тапты.
163143
Украинада ок атпоо түзүлгөнүнө карабастан кагылышуу тыйылбай жатат.
Жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донецкте болгон кагылышууларда кеминде 4 киши каза таап, 9 киши жаракат алды.
Орусияны жактаган жикчилдер өлүмдөрдүн Украина армиясынын бомбалоосунун жыйынтыгында болгонун билдиришти.
Бомбалоонун жыйынтыгында көп кабаттуу бир үйдө чоң кыйроо болуп, айнектери сынганы жана имараттын дубалдары кулаганы белгиленди.
Өлкөнүн чыгышында ок атпоо жарыя кылынган 5-сентябрдан бери болгон окуяларда 300дөн ашуун киши каза болду.
Бул учурда Украинанын лидери Петр Поршонко Минскте жетишилген келишимдин Украинанын чыгышда ок атууну токтотуу үчүн жалгыз жол болгонун айтты.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.