Сырдуу учак жер шаарына кайтып келди
Учак Калифорниядагы Ванденберг аба базасына келип конду
АКШнын жашыруун проектилеринин бири болгон X 37B учагы орбитада 674 күн болгондон кийин Калифорнияга конду. Учак Калифорниядагы Ванденберг аба базасына келип конду.
Бир ракета менен учурулгандан кийин орбитада 674 күн болуп өз рекордуна жетишкен учкучсуз сырдуу унаа учак сыяктуу жерге конду. Үн ылдамдыгы 25 эсеге жеткен учак мурунку сапарларында 8 жана 15 ай орбитада болгон. Учак 5 тонна салмакта болуп, 9 метр узундукта жана энергиясын күн паннельдери менен алат. Унаанын кызматы тууралуу маалымат бербеген Америка аба күчтөрү орбитада тажрыйбаларды жүргүзгөнүн билдирсе, жаңы бир курал чыгарганы да кенен жайылган көз караш. Сырдуу унаанын Кытай куруп жаткан космостук станциясын Ирандын атомдук курулуштарын жана ар башка аймактардагы кагылышуу жерлерин жакындан изилдеши мүмкүн экени айтылууда. Унаанын ар учушунда дагы көп мөөнөт орбитада калуусуна, Америка космостук спутниктеринин фондунун да кесилгенине карабастан бул проектинин жүргүзүлгөнүнө көңүл бурулууда.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719191422)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719191422)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.