Эболага каршы иштелип чыккан вакцинага сыноо жүргүзүлүүдө

Вакцинанын натыйжалуулугун сыноо иштери декабрь айынын аягында аяктайт.

156651
Эболага каршы иштелип чыккан вакцинага сыноо жүргүзүлүүдө

Эболага каршы иштелип чыккан вакцинага сыноо жүргүзүлүүдө.
Канадада иштелип чыккан эбола вирусунун вакцинасына сыноо иштери башталды.
Канаданын саламаттык сактоо министри Рона Амвросий, VSV-EBOV аттуу вакцинага сыноолордун кечээ башталганын жана декабрь айынын аягында аяктай турганын билдирди.
Рона Амвросий эбола эмдөөсүнүн АКШдагы Уолтер Рид Аскердик изилдөө институтунда ыктыярдуу 20 медицина кызматкеринин үстүндө сынала турганын белгиледи.
Вакцина натыйжалуу жыйынтык берген учурунда адамдарга коркунуч туудурган эбола маселесинин чечилээрин сөз кылган Канаданын саламаттык сактоо министри, 20 вакцинанын сыноо жүргүзө турган топко тапшырыла турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар