Украинада ок атууну токтотуу бычак мизинде
Ок атууну токтотуунун бузулушу күтүлүүдө
Украинада өкмөт менен Орусия жактоочуларынын ортосунда 5 – сентябрда кол коюлган келишимге карабастан кагылышуулар бүтпөй жатат. БУУму ок атууну токтотууга кол коюлган күндөн 6 – октябрга чейин болгон кагылышууларда 331 кишинин каза болгонун билдирди. Бул сан Киев башкаруусу маалымдаган расмий сандардын үч эсе көп. БУУнун берген маалыматына караганда ок атууну токтотуу жарыялангандан бери күндө орточо 10 киши каза болду. Бычак мизиндеги ок атууну токтотуунун 2 – ноябрда Орусия жактоочулары тарабынан ишке ашырыла турган жергиликтүү шайлоодо бузулушу күтүлүүдө. Киев башкаруусу болсо декабрь айында жалпы өлкөдө жергиликтүү шайлоого барыларын билдирди.
Украина башкаруусу кагылышуулардын кайрадан башталуусу жана экономикалык кыйынчылыктарга каршы өкмөттөн 2 ысымды Вашингтон жана Брюсселге жиберди. Украина Борбордук банкынын төрагасы Валерия Гонтарева Вашингтондо Эл аралык Акча Фондунун төрайымы Кристина Лагард менен сүйлөштү. Гонтарева Украинага берилүүсү күтүлгөн жардам пакетинин төлөнүүсүнүн алдыга алынуусун суранды. Тышкы иштер министри Павло Климкин болсо Брюсселде Европа Биримдиги жана НАТОнун жетекчилери менен жолугушту. Украинанын чыгышында апрель айында башталган кагылышууларда 3 миң 660 киши каза болуп, 8 миң 766 киши жараланды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.