Болгарияда парламенттик шайлоо өткөрүлөт
Шайлоо үгүттөөлөрү ылдамдады.
Болгарияда 5-октябрда шайлоо өткөрүлөт.
Бир миллионун түрктөр түзгөн орто эсеп менен 7 миллион шайлоочу өз добуштарын беришет.
Болгариядагы тектештер колдогон Калк жана эркиндиктер кыймылы шайлоо үгүттөөлөрүн ылдамдатты.
Партиянын жетекчиси Лүтфи Местан Кыржаалинин Налбантлар айылында реставрациясы аяктаган тарыхый мечиттин ачылышынан кийин элге кайрылды.
Митингдерде түрк тилинде кайрылууга тыюу салынганына карабастан Лүтфи Местан түркчө сөз сүйлөдү.
Местан шайлоочулар менен эне тилинде сүйлөшүү укугу болушу керектигин баса белгилеп: «Европа стандарттарына ылайыктуу болгон укуктарыбызды талап кылабыз. Керек болсо доо коюп Европага алып барабыз»,- деди.
Местан мусулман түрк шайлоочуларды биримдикке да чакырды.
Калк жана эркиндиктер кыймылы шайлоодо 50гө жакын эл өкүлүн көрсөтүп 240 орундуу Болгария парламентинде күчтүү түрдө өкүлдүк кылууга аракет кылууда.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719138231)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719138231)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.