Обаманын билдирүүсү

Американын аскерлери ИШИМге каршы абадан операция жүргүзөт.

129865
Обаманын билдирүүсү


Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама Американын аскерлери "Ирак-Шам Ислам мамлекети" уюму (ИШИМ) менен кургактыктан күрөшпөй турганын кайталады.
Обама Америка армиясынын Жакынкы Чыгыштагы операцияларынан жооптуу АКШнын борбордук күчтөр командирлигинин Флорида-Тампадагы аскердик базасына барган учурунда: «Кээ бир шерикетештерибиз бизге абадан колдоо көрсөтөт»,- деди.
Обама кээ бир шериктештеринин болсо кургактыктан күрөшө тургандарын айтты.
Бул жалгыз гана Американын күрөшүүсү эмес экенин жана андай болбой турганын белгилеген Обама, 40тан ашуун өлкөдөн ИШИМге каршы коалицияга колдоо көрсөтүү сунуштары айтылганын да баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар