Кытайдын төрагасы Индияда
Дүйнөнүн эң эле калкы көп эки өлкөсүнүн лидерлери өлкөлөр аралык карым-катнаштарда жаңы мезгил үчүн сүйлөшүүдө.
Си Цзиньпин тарыхый сапар менен Индиянын Ахмедабад шаарына келди.
Дүйнөнүн эң эле калкы көп эки өлкөсүнүн лидерлери өлкөлөр аралык карым-катнаштарда жаңы мезгил үчүн сүйлөшүүдө.
Кытайдын лидерин Индиянын жаңы премьер-министри Нарендра Моди тосууда.
Жолугушуулардын күн тартибинде чек ара маселелери менен катар эки лидер экономикалык кызматташууну сүйлөшүүдө.
Кытай 65 миллиард долларга жеткен эки тараптуу соода-сатык көлөмү менен Индиянын эң чоң соода өнөктөшү абалында...
Ал эми Индиянын Кытай Эл Республикасы менен соода таңкыстыгы акыркы 12 жылда 1 миллиард доллардан 40 миллиард долларга чыкты.
Жаңы Дели жетиле турган келишимдер менен Пекин менен атомдук кызматташтык жана темир жолдору желесинин жаңылануусуна Кытайдын инвестицияларын тартууну максаттоодо.
Пекин болсо Япония жана башка Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү менен болгон түшүнүшпөстүктөрүнө карабастан Индия менен карым-катнаштарын күчтөндүрүүгө аракет кылууда.
Кытай менен Индиянын ортосундагы маселелердин арасында Аруначал Прадеш провинциясына байланыштуу келишпестик жана Кытайдын Тибет аймагынын руханий лилдери Далай Ламанын Индияда жашап жатканы орун алууда.
Полиция борбор шаар Жаңы Делиде Кытай элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөргөн 10 тибеттик митингчини камакка алды.
Тектеш кабарлар
![Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1617/95cc/d0ae/65fc4002c762d.jpg?time=1719138225)
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
![Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/a9c0/4f04/ca2a/6635d40d9705e.jpg?time=1719138225)
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.