Украинада ок атууну токтотуу
12 беренелик келишим, Киев менен Москва биргелеше колдоо берген биринчи документ
Украинанын чыгышында кечээ жарыяланган ок атууну токтотууга азырынча баш ийүү бар. Белорусиянын борбор шаары Минскте өткөн сүйлөшүүлөрдө түзүлгөн келишим боюнча тараптардын арасында туткундардын алмаштырылуусу күтүлүүдө.
Орусиянын президенти В. Путин менен Украинанын президенти Петро Парашенконун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгиленген 12 беренелик келишим, Киев менен Москва биргелеше колдоо берген биринчи документ. Келишим боюнча кечки саат 18. 00дөн баштап фронтто курал үнүнүн басылганы белгиленди. Тараптар күндүн ичинде фронттон ок атуу буктурмасынын тышына чыгат жана туткундар алмаштырылат. Кагылышуулар учурунда урандыга айланган шаарларга гуманитардык жардам коридорлорунун түзүлүшү пландалууда. Украина басма сөзү келишимдин Донецк жана Луганск аймактарына атайын статустун берилишин күткөнүн ортого салды.
Украинанын премьер – министри Арсений Яценюк АКШ жана Европа Биримдигинин да колдоосунан кийин ок атууну токтотууну кабыл алууга мажбур болушкандарын белгиледи. Акыркы күндөрдө Украина армиясына каршы кол салууга өткөн жана негизги буктурмаларды алган Орусия жактоочулары ок атууну токтотуунун, Украинадан чыгуу чечимдерин өзгөртпөгөнүн баса белгиледи. Кремлдин башкаруусу болсо ок атууну токтотууга баш ийилерин жана туруктуу тынчтык келишиминин түзүлөрү боюнча үмүтүн билдирди. Украинанын чыгышында апрель айынан бери болуп келе жаткан кагылышууларда 2800 киши каза болуп, 100 миңдеген киши үйсүз калып, экономиканын эң негизги жери болгон Донбасс аймагында көп сандаган көмүр шахтасы жана завод – фабрикалары жабылды.
Тектеш кабарлар
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"
Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду
Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.