Украинада ок атууну токтотуу үмүтү

Минскте боло турган сүйлөшүүлөргө Орусия жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун өкүлдөрү да катышат

114635
Украинада ок атууну токтотуу үмүтү

Украина башкаруусу менен өлкөнүн чыгышындагы Орусия жактоочусу жикчилдердин сүйлөшүүгө отуруулары күтүлүүдө. Минскте боло турган сүйлөшүүлөргө Орусия жана Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун өкүлдөрү да катышат.
Украинанын мамлекет башчысы Петро Парашенко тынчтык планынын ишке ашырылуусун ойлоп жыйын баштай турган түшкү сааттарда ок атууну токтотуу боюнча буйрук берерин айткан болчу. Жикчилдер болсо сүйлөшүүлөргө этияттык менен мамиле кылып Минскте кризисти саясий жол менен чече турган келишим түзүлө турган болсо ок атууну токтотуунун ишке ашарын билдирген. Сүйлөшүүлөрдөн мурда порт шаар Мариуполдо кагылышуулар болду. Орусия жактоочулары шаарга кирүүгө араке кылып, өкмөт бөлүктөрүнүн коргонууга өтүүсү менен бирге көп сандаган жарылуулар болду


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар