Франция Орусияга  согуштук кемелерин өткөрүп берүүнү токтотууда

Олланд Франциянын Орусияга 1. 1 миллиард доллар компенсация төлөшү керектигин айткан

113704
Франция Орусияга  согуштук кемелерин өткөрүп берүүнү токтотууда

 Франция Орусия үчүн чыгарылган Мистрал тик учак ташуучу согуштук кемесинин Украина кризисинин айынан токтотууда. Президенттик сарайынан жасалган билдирүүдө : «Согуштук кеменин тапшырылуусу үчүн шарттардын бүгүндөн баштап ылайык эмес экени» билдирилди. Франция андан мурда берген маалыматында Украинадагы кризистин айынан АКШ башта болуу менен батыштык өлкөлөрдүн каршы чыкканына карабастан Орусияга бул согуштук кемени октябрь айында тапшырарын билдирген болчу.
Президент Олланд июнь айында берген маалыматында заказ берилген биринчи кемени тапшырышарын, бирок заказ берилген экинчи кеменин тапшырылышынын Орусиянын Украина кризисиндеги мамилесине байланыштуу экенин айткан.
Орусиянын биринчи кеме үчүн төлөмүн төлөгөнүн белгилеген Олланд эгерде кемени тапшырбаса Франциянын Орусияга 1. 1 миллиард доллар компенсация төлөшү керектигин айткан.
АКШ жана башка батыштык өлкөлөр Украина кризисин негиз катары көрсөтүп согуштук кемелердин Орусияга бербөө тууралуу кысым жасап жатат.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар