Украинада абал

Кагылышууларда 200 жикчил менен 13 Украина аскери каза болду

105942
Украинада абал

Украина саммитинде дүйнө лидерлеринин берген маалыматтары өлкөнүн чыгышындагы абалды тынчтандырууга жеткен жок. Орусия жактоочусу жикчилдер Украинанын чыгышында өкмөттүн көзөмөлүндөгү Новоазовск шаарын пулемет менен аткылашты. Окуяда төрт киши жараланды. Бир тараптан Горловка жана Иловайск шаарларында жикчилдер менен Украина аскерлеринин ортосунда олуттуу кагылышуулар чыкты. Кагылышууларда 200 жикчил менен 13 Украина аскери каза болду.
Донецкте болсо бир унаага пулемет огунун түшүүсү менен көп сандаган жаран каза болду. Бир тараптан дипломатиялык сүйлөшүүлөр макулдашуу белгилерин бере баштады.
Орус лидер В. Путин жана Украинанын президенти Петро Порошенко Украианын чыгышына бериле турган жардамдардын Кызыл Крест уюмунун жардамы менен жиберилүүсү тууралуу келишим түздү.
Украинанын премьер – министри Арсений Яценюк болсо алдыбыздагы жумада өткөрүлө турган НАТО саммитинде өлкөсүнө жардам берүүнү да ичине камтыган чечимдердин чыгарылуусун күткөнүн айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар