Германияда дагы бир мечит өрттөлдү

Билефельддеги Сүлеймание мечитине ким экени белгисиз кишилер тарабынан кол салуу жасалды

97588
Германияда дагы бир мечит өрттөлдү

Германияда мечиттерге карата кол салууларга жаңысы кошулду
Ким экени белгисиз кишилердин бутасында Билефельд шаарындагы бир мечит болду. Кол салууда жараланган же каза болгондор болгон жок. Билефельддеги Сүлеймание мечитине ким экени белгисиз кишилер тарабынан кол салуу жасалды. Билефельд полициясынын берген маалыматына караганда кол салуучулар тапкан Кураан китептерди чогулткандан кийин өрттөштү.
Окуяда ким экени белгилене албаган кол салуучулардын коопсуздук камерасынын багытын алмаштырып мечитке киргендерин айтышты. Сегиз күн мурда Билефельдде башка бир мечитте өрттүн чыкканын жана кол салуулардын бири бирине окшогонун белгилеген жетекчилер окуяны иликтешкендерин билдиришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар