Украинада абал

Украинанын Луганскка жиберген жардамдарынын да аймакка барганы жарыяланды

93119
Украинада абал

Акыркы болуп Украина өкмөтүнө караштуу бөлүктөр көтөрүлүштөр улантылып жаткан Иловайск шаарын курчап алды. Ошол эле учурда Орусиядан келген 300 тройлерлик жардам конвоюунун Украина чек ара полициясы тарабынан текшерүүгө алынгандан кийин Кызыл Кресттин коштоосунда аймакка өткөрүлүүсүнө чечим чыгарылды.
Украинанын Луганскка жиберген жардамдарынын да аймакка барганы жарыяланды. Бул жерде 200дөн ашуун орус аскери болуу менен 600гө жакын көтөрүлүшчүнүн бар экени белгиленди. Ошол эле учурда Украинанын президенти Петро Порошенко Донецкте эркин кое берилген аскерлер менен Киевде жолугушту. Порошенко жолугушуу учурунда 100гө жакын Украина аскеринин азыр да барымтада экенин билдирди.
Орусиянын талаш –тартыштуу конвоюу тууралуу абалдар да болду. Орусия 300гө жакын тройлерден турган жардам конвоюнун Украина чек ара полициясы тарабынан текшерүүгө алынуусунан кийин Кызыл Кресттин коштоосунда аймакка жиберилүүсүн кабыл алды. Бир тараптан Украинанын Луганскка жиберген жардамдарынын да аймакка барганы жарыяланды. Украинанын тышкы иштер министрлиги Вухлехирск шаарынан көрүнүштөрдү бөлүштү.
Аймактын көзөмөлү жуманын башында Орусия жактоочусу жикчилдерден алынган болчу. Өткөн күндөрдө 2 өлкөнүн арасында араздашууну күчөткөн дагы бир абал болуп, Украина армиясы чек арадан өткөндөн кийин иликтөөгө алган орус чалгындоо бөлүгүнө таандык ок өткөрбөс унаасын жардырганын билдирген. Орусия коргоо министрлиги болсо Украина территорияларына аскердик унаа киргизишпегендерин белгилеп маалыматты жалганга чыгарган.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар