Индияда жер көчкү жүрдү

Аймакта издеп-куткаруу иштери уланып жатат.

75124
Индияда жер көчкү жүрдү


Индиянын батышында нөшөрлөп жааган жамгыр жер көчкүгө себепчи болду.
Апааттын себебинен каза тапкандардын саны 30дан ашты. 
Пуна шаарына караштуу бир айылда жер көчкү жүрүп 70тей үй топурукка көмүлдү.
Бул үйлөрдө жашаган көп сандаган киши да топурактын астында калды.
Аймакта издеп-куткаруу иштери уланып жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар