Алжир аба жолдоруна таандык учактын сыныктары табылды

110 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсүн ташыган учак Малинин түндүгүндөгү чөлгө түшкөн.

70582
Алжир аба жолдоруна таандык учактын сыныктары табылды

Алжир аба жолдоруна таандык учактын сыныктары Малиде табылды.
116 кишини ташыган учактан аман калгандар жок.
Буркина-Фасодон Алжирге бараткан жүргүнчү учагы менен учуп кеткенден 50 мүнөт өткөндөн кийин байланыш үзүлдү.
110 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсүн ташыган учак Малинин түндүгүндөгү чөлгө түшкөн.
Алжир аба жолдоруна таандык учактын сыныктары Буркина-Фасо чек арасына жакын жерде табылды. Учактагы 116 жүргүнчүдөн 51и француздар болчу.
Учактын шамалдын себебинен кырсыкка учурашы мүмкүн экени божомолдонууда.
Испан медиасы кырсыкка учураган учактын 2007-2009-жылдардын арасында Реал-Мадрид клубу тарабынан колдонулганын жазды.
Авиакырсык бир жумада үчүнчү жолу болуп жатат.
Өткөн жумада да Малайзия аба жолдоруна таандык учак Украинада атып түшүрүлгөн жана 298 киши каза болгон.
Эки күн мурда болсо Тайванда жүргүнчү учагы кырсыкка учурап 48 киши каза тапкан болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар