Химиялык куралдарды жок кылуу башталды

Биринчи даражадагы 600 тонналык химиялык согуш куралынын жок кылуунусу 60 күндө бүтөт.

121934
Химиялык куралдарды жок кылуу башталды

АКШнын Коргоо министрлиги Сириянын химиялык куралдарынын жок кылынуусу Жер Ортолук деңиздеги эл аралык сууларда башталганын билдирди.
Пентагондо маалымат жыйынын өткөргөн АКШлык капитан Стив Уоррен өткөн жумада Дания кемеси Арк Футур тарабынан алып келинип Италиядагы порттон АКШнын аскердик жүк кемеси Cape Rayге жүктөлгөн химиялык куралдардын жок кылынуусу Жер Ортолук деңиздеги эл аралык сууларда башталганын маалымдады.
Кемедеги АКШнын армиясы жана жарандык адистердин жок кылуу иштерине баштаганын билдирген Уоррен, биринчи даражадагы 600 тонналык химиялык согуш куралынын жок кылуунусу 60 күндө бүтөөрүн айтты.
Уоррен кемедеги топтун Химиялык куралдарга тыю салуу уюмунун эрежелерине дал келген жол менен химиялык куралдарды жок кылаарын билдирди.
Сириянын биринчи даражадагы химиялык куралдары жайгашкан 78 контейнер Италиянын Джоя Тауро портунда 12 сааттан ашуун убакыттын ичинде АКШнын аскердик жүк кемеси Cape Rayге өткөрүлгөн.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар