ЕККУнун 23- жайкы отуруму

Украинадагы кризисти жоюу үчун Баку тобу түзүлдү.

114972
ЕККУнун 23- жайкы отуруму

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму(ЕККУ) 23-жайкы сессиясын Бакуда өткөрүп жатат.
28-июнда башталган сессиянын негизги темасы Украинадагы кризис жана токтотулган башаламандыктар болуп, бир топ чечимдер кабыл алынды.
Украинадагы кризисти жоюу үчун Баку тобу түзүлдү.
Көптөгөн өлкөлөрдөн келген өкүлдөр катыша турган бул топ, кризисти жоюу жана тынчтык жолугушууларын ишке ашыруу үчүн керектүү чараларды көрмөкчү.
Чогулуштун төртүнчү күнүндө уюмдун кээ бир кызматтарына шайлоолор өткөрүлдү.
Шайлоодо ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын түрк фракциясынын төрагасы жана ЕККУ ПАнын төрагасынын жардамчысы Эмин Өнен менен ЕККУ ПАнын адам укуктары, демократия жана адамзаттык маселелер комитетинин төрагасынын жардамчысы Шевки Кулкулоглу мурда аткарып жаткан кызматтарына кайрадан шайланышты.
Бүгүн аяктай турган 23-жайкы отурумунда, жаңы ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы да шайланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар